• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биздин регион үчүн коопсуздукту жана кызматташтыкты камсыз кылуу маселелери өзгөчө актуалдуу - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө Мамлекет башчынын сөзүнүн тексти:

«Урматтуу парламенттик делегациялардын мүчɵлɵрү!

Айымдар жана мырзалар!

Меймандос кыргыз жергесине кош келиңиздер!

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Бишкекте өтүп жатышына биз абдан кубанычтабыз.

Дүйнөдөгү эң ири эл аралык парламенттик форумду кабыл алуу парламенттик демократия жолун тандаган Кыргызстан үчүн ардактуу миссия.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин парламентчилеринин өкүлчүлүктүү конференциясы биздин жергебизде алгачкы жолу өтүп жатат.

Биринчиден, ушундай масштабдуу эл аралык форумду Кыргызстанда ɵткɵрүү биздин ɵлкɵдɵ парламентаризмдин бекемделишине өбөлгө болот.

Экинчиден, Уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациялары биздин ɵлкɵ менен таанышып, демократиянын өнүгүү деңгээлин өз көздөрү менен кɵрө алышат.

Анан, албетте, Кыргызстандын кеңири коомчулугун ЕККУнун ишмердиги менен жакындан тааныштырууга эӊ сонун мүмкүнчүлүк болот деп ишенем.

Урматтуу парламентарийлер,

Тарыхый кыска мезгил ичинде Кыргызстанда тагдыр чечкен олуттуу окуялар болду.

Эркиндикти сүйгөн элибиз көп сыноолордо такшалып, тынчтыкты, биримдикти, көз карандысыздыкты, улуттун намысын башкы дөөлөт катары бийик койду. Өз тарыхыбызга, маданиятыбызга, каада-салттарыбызга, элдин мүдөөсүнө шайкеш келген демократиялык өнүгүү жолун тандады.

2017-жылы Кыргызстанда бийликтин тынч жол менен өтүшү– өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагыири кадам болуп калды.

Учурдан пайдаланып, өлкөбүздө шайлоо системасын өркүндөтүүгө салым кошкон Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна жана башка өнөктөштөрүбүзгө ыраазылык билдирем.

Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бекем түптөлүп, парламенттик демократия ɵнүгүп жатат. Коррупция менен күрɵшүү улантылууда.

Ошол эле учурда, саясий модернизациялоо, экономиканы туруктуу өнүктүрүү жолунда алга карай ишенимдүү кадам шилтөө үчүн мамлекеттик башкаруунун ролун жана механизмдерин кайра карап чыгуу керек. Алар азыркы кездин реалдуулуктарына шайкеш болушу абзел.

Өлкөдө орто мөөнөттүү саясий реформалар болууда, анын ичинде сот системасында жана мамлекеттин күч структураларында олуттуу реформа жүргүзүлүүдө.

Узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык ɵнүгүү максатында 2040-жылга чейинки Кыргызстандын Улуттук ɵнүгүү стратегиясы иштелип чыкты. Бул стратегиянын жолу менен биз азыркы кездин чакырыктарын татыктуу жеңе алабыз.

Биз ар бир жаран мамлекеттин коргоосуна алынган, келечекке ишенимдүү караган, өнүккөн шаарлары, аймактары барадилеттүү, өнүккөн жана жогорку технологиялуу өлкөнү куруп жатабыз.

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

Бүгүн ишин баштаган күзгү сессиянын темасы: „Борбордук Азиядагы жана анын чегинен тышкары коопсуздук жаатында диалогду илгерилетүү“.

Биз Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясын Евразиялык жана глобалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтчалардын бири катары баалайбыз.

Биздин регион үчүн коопсуздукту жана кызматташтыкты камсыз кылуу маселелери өзгөчө актуалдуу.

Борбор Азия регионунда кызматташтыктын бүт спектрин бекемдөөнү Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн жана коопсуздукту камсыздоонун маанилүү инструменти катары карайт.

Биздин кызматташуубуз оң динамикага ээ болуп, принципиалдуу жаңы деңгээлге чыкканын канааттануу менен белгилесек болот.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана Тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүп, анда өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулоо салтка айланды.

Региондун шартында кызматташтыкты жана ар тараптуу диалогду кыргыз тарап маселелерди чечүүнүн бирден бир жана альтернативасыз жолу деп эсептейт.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Биздин региондун стабилдүүлүгүнө жана туруктуу өнүгүүсү жөнүндө сөз болгондо биринчи кезекте ЕККУга кирген бардык мамлекеттер үчүн олуттуу деп эсептелген коопсуздук коркунучтарын белгилөө зарыл.

Тилекке каршы, бүгүн терроризм, экстремизм жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүсү эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бузуп, чыр-чатактарды ырбатып, бүтүндөй региондорду туруксуз абалга кептеп жатат.

Дүйнөдө жана ЕККУнун регионунда террористтик актылардын көбөйүшү бизди абдан тынчсыздандырат.

Ушуга байланыштуу, терроризмге алып келген зордукчул экстремизмге жана радикалдашууга жол бербөө маселелерин талкулоо ɵтɵ актуалдуу жана ɵз убагында болууда деп эсептейбиз.

Курал-жарактарды жана баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, террористтик структураларды каржылоо үчүн арам акчаларды адалдоо регионалдык жана глобалдык мүнɵздөгү чек араны билбеген маселе болуп калды.

Аталган коркунучтардын өсүшүнɵн улам эл аралык кырдаалдын начарлоосу ЕККУ алкагында биргелешкен аракеттерди топтоштурууну жана күчөтүүнү талап кылууда.

Урматтуу парламентарийлер,

Күн тартибинде Уюмдун ичиндеги ишеним кризиси актуалдуу боюнча калууда.

Кыргызстан ачык жана чынчыл диалог ЕККУнун алкагында өз ара тыгыз аракеттенишүү үчүн өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө өбөлгө болот деп ишенет.

Биз консенсус принцибине негизделген мамлекеттер аралык тең укуктуу диалогдун платформасы катары ЕККУнун уникалдуу ролун сактап калууну жактай турганыбызды дагы бир жолу тастыктайбыз.

Жалпы коопсуздукту камсыз кылуу бизден бардык күчтөрдү бириктирүүнү жана макулдашылганиш-аракеттерди талап кылат.

ЕККУнун коопсуздукка карата мамилесинин ар тараптуулугу парламенттик диалог үчүн идеалдуу негиз болуп саналат.

ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү сессиясы биздин өлкөлɵрдүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн регионалдык, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде ар кандай маселелерди көңүлгө алууга мүмкүнчүлүк берет.

Форумдун бардык катышуучуларына ийгиликтүү иштөөнү жана жемиштүү талкууларды каалайм.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат.»

Пикир

Оставить комментарий