• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бизнес-акыйкатчы ишин жанданта турган ишканаларга уруксат кагаздарын берүүнү жеңилдетүүнү суранды

Экономика 0

Бишкек, 30.04.02. /Кабар/. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өкмөт менен Жогорку Кеңешке кайрылып, 1-майдан тарта иштөөгө уруксат берилген ишкана жана ишкерчилик субъекттерине жеке өткөрмө кагазын алуу милдетинен бошотууну суранды. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчы институтунан билдиришти.

Бизнес-акыйкатчы институтунан белгилешкендей, ал ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө, комендатуралардын өткөрмө кагаздарын берүү ишин тездетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарууга түрткү берет.

Бизнес-акыйкатчы альтернатива катары, ишкана жана ишкерчилик субъекттеринин кызматкерлери үчүн өзгөчө абал киргизилген аймактардын чыгыш-кириштериндеги санитардык-карантиндик блокпосттордон өтүүдө жеңилдетилген тартип киргизүүнү сунуштаган. Маселен, бир компанияга бир өткөрмө кагазы берилип, анда иштеген кызматкерлер уруксат кагазы берилген компанияда иштей турганын ырастаган маалымкат же башка документти колдонушат.

"Бул чара ишкерлердин ишин бир топ жеңилдетип, алардын өзүнүн ишин тез жандантуусуна оң таасирин берет. Тескерисинче, ал процесстеги ар бир кедерги, кыйынчылыктар ишкерлердин жана Кыргызстандын экономикасынын калыбына келишине терс таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий