• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек — президент Жээнбеков

Саясат 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчынын айтуусунда, Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди.

«Биз Япония менен, Сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз», — деп президент ыраазычылык менен белгиледи.

«Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү.

Шигето Танака Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.

«Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков учурда Японияда жүрөт.

Жээнбеков иш сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Ошондой эле Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий