• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бизнес өкүлдөрү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына өнөктөш болушту

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бир катар компаниялар Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясына расмий өнөктөш болушту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лотереянын өнөктөштөрү "Тойбос", Red Petroleum, "Мөл Булак", "Бай Дыйкан", ЦУМ, ошондой эле “Планета Электроники”, “Айсберг”, “Технохол”, “Лининг” дүкөндөрү, “Империя Пиццы” кафеси жана KAYNAR GROUP рестораны болду.

Бул компаниялар менен лотереяны өткөрүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Салык кызматынын жетекчилиги ведомствонун демилгесин колдогон бизнес-өнөктөштөргө ыраазычылык билдирүү менен бирге лотереянын ийгиликтүү өтүшүнө ишеним артарын белгиледи.

Компаниялардын өкүлдөрү өз кезегинде лотерея өткөрүү идеясын жогору баалашып, бул ак ниет ишкердик маданиятын жайылтууда жана салык төлөөчүлөрдүн арасында атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүүдө маанилүү кадамдардын бири болуп калаарын белгилешти.

Эске салсак, 10-майда салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы расмий түрдө башталды. Байгелердин биринчи утушу 1-июлда, экинчи утуш 1-октябрда, ал эми үчүнчү утуш 31-декабрда өтөт.

Бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Лотереяда 4 автоунаа, 30 iPhone, 30 смартфон, 45 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер ойнотулат. Баш байге – Бишкектен 1 бөлмөлүү батир.

Лотереянын маалыматтык өнөктөштөрү: КТРК (башкы өнөктөш), Салык INFO, ЭлТР, Пирамида, 5-канал, 24.kg, АКИpress/Тазабек, Kaktus.media, Super.kg, 7-канал, РегионТВ, МаралТВ, Керемет ТВ, 8 канал, ЮТС, TMG, НурТВ, НТС, NewTV, NextTV, ЖАША ТВ, Ош Пирим, СуперТВ, БТК жана башка ММК.

Пикир

Оставить комментарий