• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Бизнес-Караван” ишкерлерди бирдиктүү түйүнгө бириктирет – КРдагы жаңы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

Экономика 0

Бишкек, 27.09.18./Кабар/. Кыргызстанда “Бизнес-Караван” долбоору ишке киришип жатат. Анын алкагында борбордун ишкерлеринин аймактын өкүлдөрү менен жолугушуусу жана тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча пайда болот. Бул тууралуу демилгечилер – JIA ишкерлер ассоциациясы билдирди.

300дөн ашуун катышуучуга В2В форматында жолугушуу өткөрүүгө, көргөзмөлөргө, талкууларга, тренингдерге катышууга жана пайдалуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЖИАнын аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, мындай иш-чаралар аймактык ишкердикке мотивация берип, старт-аптарга өзүнүн ишин баштоого жардам берип же өзүнүн бар болгон бизнесин жакшыртууга жардам бериши керек.

“Өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздө биз ийгиликтүү ишкердик өлкөнүн пайдасы үчүн иштеши керек деп эсептейбиз. Биз өзүбүздүн мүчөлөрүбүздү жана башка ишкерлерди президент тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылында аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ажырымды азайтуу боюнча идеяны ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн, аймактык биригүүгө салым кошуу үчүн караваныбызга чакырабыз. Биз бир өлкөдө жашайбыз, бардык региондордо өтүүчү караванга катышуу ишкерлерге бирдиктүү түйүнгө биригүүгө мүмкүнчүлүт түзүп берет. Бизнес тажрыйба менен гана бөлүшпөстөн, жаңы байланыштарды ачып, маалымат алмашат, аймактардагы өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчулүктөрдү изилдейт, калктын социалдык-экономикалык абалынын деңгээлин жогорулатат, миграциянын деңгээлине таасирин тийгизет”, - деп белгиледи ал.

Караван 23-октябрда Ошто, 24-октябрда Жалла-Абадда, 26-октябрда Баткенде өткөрүлөт.

Долбоордун милдеттери:

- Аймактардагы экономикалык жана кадрдык потенциалды аныктоо боюнча күчөтүлгөн жумуш;

- Аймактардагы экономиканын негизги секторлорундагы потенциалды өздөштүрүү;

- Жер-жерлердеги перспективдүү ишкерлерге мотивация берүү жана өзүнүн бизнесин ачуу же жакшыртуу;

- Аймактардагы ишкерлердин Бищкектеги тажрыйбалуу ишкерлер менен маалымат алмашуусуна жардам берүү;

- Бишкектеги ишкерлерге өзүнүн өндүрүшүн өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө, өнөктөштөрдү издөөгө шарт түзүп берүү.

JIA бизнес-ассоциациясы КРнын ар кайсы облустарынын демилгечи жана идеяга бай ишкерлери тарабынан 2006-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий