• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат. Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл. Бул тууралуу Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкерчилик комитетинин биринчи отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Аны менен катар президент белгилегендей, бизнес болсо өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керек.

"Өнөр жайды өнүктүрбөй туруп өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Өнөр жайды узак мөөнөттө өнүктүрүү көз карашын түзүп, аны ишке ашыруу жолдорун белгилүүгө боло турган антча түзүшүбүз зарыл. Бул маселелерди чечиш үчүн бизнес жана мамлекеттин ортосунда диалог аянтчасын түздүк", - деди ал.

Президент комитеттин алды турган маселелерди да белгилеп өттү.

"Өнөр жайды өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында жагымдуу бизнес чөйрөнү калыптандыруу боюнча туруктуу негизде талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу биринчи орунда турат. Экинчи – мамлекет менен бирдикте Кыргызстандын өнүгүү келечегин аныктаган ишкерлердин реалдуу катмарын түзүү. Маанилүү чечим кабыл алуу процессине тең укуктуу деңгээлде катышкан, өнүгүүнүн субъектиси болгон өнөр жайчылардын статусун калыптандыруу. Ишкерлер мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизишин камсыз кылуу. Үчүнчү – өнөр жай тармагына керектүү заманбап адистерди даярдоо жолдорун иштеп чыгуу. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жана соода саясатын өзгөртүүгө багытталган сунуштарды киргизүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий