• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бизнес-омбудсмен Институнун Байкоочу кеңешинин курамына кимдер кире алат? Өкмөттүн жообу

Өкмөт 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргыз Респубкасынын Өкмөтү Бизнес-омбудсмен Институтунун Байкоочу кеңешин түзүү боюнча мындан аркы чаралар тууралуу билдирет.

Учурда Байкоочу кеңештеги ишкерлик (Бизнес-омбудсмен)

субъекттердин укуктарын коргоого укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү катары экономика министринин орун басарын өкүлдөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу демилгеленген, азыркы тапта ал министрлик жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлгөн.

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр блогунун курамы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан жүргүзүлгөн консультациялардын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

ЕРӨБ Бизнес-омбудсмен институтун түзүүдөгү негизги эл аралык өнөктөш жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр блогуна карата координациялык ролду өзүнө алууга макул болду.

Байкоочу кеңеште бизнес-ассоциациялар аркылуу жеке сектордун кызыкчылыгын көрсөткөн блокко тиешелүү - бул блокто туруктуу негизде беш бизнес-ассоциациянын жана ротациялык негизде эки бизнес-ассоциациянын катышуусу каралууда.

Байкоочу кеңештин курамына туруктуу негизде кирген бизнес-ассоциациялар үчүн белгилүү критерийлер белгиленген, алар кыйла кеңири сандагы ишкерлердин кызыкчылыктарын көрсөткөн бир канча абройлуу бизнес-ассоциацияларды тандоого багытталган.

Байкоочу кеңештин курамына кирүүгө талапкер бизнес-ассоциациялар үчүн төмөнкү критерийлер белгиленген:

- Кыргыз Республикасында ишкерлик субъекттеринин ишмердигин кыйла кеңири камтуу;

- бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрү тарабынан салыктык чегерүүлөрдүн кыйла жогору көлөмү;

- бизнес-ассоциациялардын мүчөлүк төлөмдөрүн төлөгөн 50дөн кем эмес мүчөсү;

- 3 Тарапты (Байкоочу кеңештеги бизнес-ассоциациялар блогун) түзүү учуруна карата 5 жылдык ишмердиги.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 31-декабрында «Ишкерлик субъекттеринин укутарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (Бизнес-омбудсмен) жакты түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюлган.

Документке ылайык, биринчи кезекте Бизнес-омбудсмен институтунун жогорку башкаруучу органы - Байкоочу кеңеш түзүлөт.

Байкоочу кеңештин карамагында чечилген соң гана, Бизнес-омбудсмендин ишмердиги мүмкүн болгон маселелер турат. Мындай маселелерге Бизнес-омбудсмендин өзүн жана анын орун басарларын дайындоо, ошондой эле Бизнес-омбудсмендин иш регламентин - Бизнес-омбудсмен институтунун иш тартиби кеңири кыйла жазылган документти бекитүү кирет.

Бизнес-омбудсмен институтунун негизги иш принциби - бул анын көз карандысыздыгы. Бул мамлекеттен да, бизнестен да көз каранды эмес дегенди билдирет. Бул принцип Байкоочу кеңештин ишинде жүзөгөашырылат.

Байкоочу кеңеш үч тараптын – Өкмөттүн, жеке сектордун кызыкчылыгын көрсөткөн бизнес-ассоциациялардын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турат.

Негизги чечимдер, мисалы, Бизнес-омбудсменди жана анын орун басарларын шайлоо бир добуштан бардык тараптар аркылуу ишке ашырылат. Ошол эле учурда ар бир тарап тиешелүү блокто ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн санына карабастан, бир добушка ээ болуп саналат. Мындан улам чечим негизги үч тараптын ортосундагы толук консенсуска жетишилген учурда кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий