• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бизнес-омбудсмен институтун түзүү боюнча долбоор иштелип чыкты

Экономика 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Экономика министрлиги "Чарба жүргүзүүчү субъекттердин укугун, эркиндигин жана кызыкчылыгын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу адам тууралуу (бизнес-омбудсмен)" долбоорун иштеп чыгып, өкмөттүн кароосуна киргизген.

Бизнес-омбудсмен институтун түзүү максаты катары ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алуунун кепилдигин жана алардын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер жана мамлекеттик ишканалар жана кызматтык жактар тарабынан сакталышын камсыздоо болуп саналат.

Бизнес-омбудсмендин негизги иши, мамлекеттик органдардын моюнуна жүктөлгөн милдеттеринин алкагында ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо.

Ошондой эле, бизнес-омбудсменге караштуу катчылык жана байкоочу кеңеш түзүлөт.

Белгилесек, бир катар мамлекеттерде финансы омбудсмени, салык омбудсмени жана бизнес-омбудсмен сыяктуу институттар бар.

Пикир

Оставить комментарий