• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы соода жүгүртүү 9,5%га, анын ичинде импорт – 15,0% өскөн. Экспорттун өсүүсү алтынды эске албаганда – 8,4%. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт – 5,2% же 19 млн АКШ долларына көбөйүп, 387,5 млн АКШ долларын түзгөн.

«Атамекендик продукциянын экспорттук потенциалын өстүрүү максатында 2019-2022-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү Программасынын долбоору иштелип чыккан. Жакынкы мезгилде бул Программа Өкмөт тарабынан бекитилет. Аны ишке ашыруу менен 2023-жылга карата экспорттун көлөмүнүн 2 эсеге көбөйүүсү күтүлүүдө. Экспортчуларга колдоо катары 2019-жылдын 1-январынан тарта Экспортко багытталган ишканаларды каржылоо долбоорун ишке киргизүү пландалууда, анын алкагында экспортчуларга 3-5 жылдык мөөнөттө 8-10% менен 1 млрд сомдон жогору суммага жеңилдетилген насыялар сунушталат. Мындан тышкары финансылык ресурстардын туруктуу жеткиликтүүлүк шарттарын түзүү максатында азыркы учурда экспорттук-импорттук операцияларды каржылоо боюнча адистештирилген банк түзүү иштери жүрүүдө», - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө көңүл бургандай, бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн Өкмөт тарабынан:
- 2019-жылдын 1-январынан тарта 2 жылдык мөөнөттө 10 көзөмөлдөөчү орган тарабынан бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү;
- ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн бизнес-акыйкатчы институтун түзүү;
- бизнести тейлөө борборлорун түзүү;
- ишкерлик субъекттеринин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды Третей соту аркылуу чечүүнүн альтернативалык механизмдерин киргизүү;
- инвесторлордун укуктарын коргоону күчтөндүрүү үчүн инвестициялар тууралуу мыйзамдарды кайра карап чыгуу пландалууда.

«Биз «эмне үчүн бизге ири инвесторлор келишпейт?» деген суроону көп беребиз, жообу белгилүү – аларга «оюндун эрежелери» белгисиз. Эгерде бизнес чөйрөнүн ишеними болбосо, анда инвестициялардын агымы болбойт. Ошол эле учурда белгилей кетсек, ак ниет инвесторлор менен катар жоопкерчиликсиздери дагы бар», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Өкмөттүн жакынкы пландарын белгилөө менен Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, жер тилкелерин трансформациялоо боюнча процедураларды жеңилдетүү үчүн жер мыйзамдары кайра каралат. Инвесторлорго сатуу үчүн инвестициялык лоттор түзүлөт, инвесторлор үчүн «Бирдиктүү терезе» ишке киргизилди.

Ошону менен бирге Премьер-министр белгилегендей, биздин өлкө инвесторлор үчүн чыныгы бейиш болушу үчүн 2-3 жылдын ичинде бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чараларды көрүү зарыл.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2025-жылга карата өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралды. Өз кезегинде ЕАЭБдин Зергерлер ассоциациясы жыйындын жүрүшүндө зергерлик тармагындагы абалга өзгөчө көңүл бурдуруп, республиканын Өкмөтү тарабынан чечүүнү жана аракеттешүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин белгиледи.

Мындан тышкары Кыргызстандагы базарлар, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүүнүн айрым маселелери тууралуу маалымдады.

Премьер-министр маалыматты угуп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча акыркы чараларды кабыл алууну тапшырды.

Жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес коомчулукту бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн долбоорлорду иштеп чыгуу процессине мындан ары да абдан активдүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий