• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бизнеске салыктык башкаруудагы жаңы киргизүүлөр тууралуу түшүндүрүү улантылууда

Коом 0

Бишкек, 20.05.21./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында шаардын жана Ош облусунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө салыктык башкаруудагы жаңы киргизүүлөр тууралуу семинар өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Салык кызматы тарабынан өлкөнүн аймактарда уюштурулуучу түшүндүрүү иштеринин алкагында болуп өттү.

Семинардын катышуучулары киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча жаңы бириктирилген отчетту толтуруу тартиби, сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы жөнөкөйлөтүлгөн ыкмасы жөнүндө билишти, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Салык кызматынын адистери ишке киргизилген жана ишке ашырылып жаткан «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлорунун ак ниет ишкердик жүргүзүүдө оң жактары, ошондой эле салыктык башкарууга тийүүчү таасиринин натыйжалары тууралуу кеңири айтып беришти.

Мындан тышкары, адистер отчеттун жаңы формасын толтуруунун тартибин онлайн-презентация форматында түшүндүрүштү.

Эске салсак, салык төлөөчүлөр (чакан жана орто бизнестин субъектилерин, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарды кошпогондо) 2021-жылдын апрель айынан тартып киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча бириктирилген отчет тапшырууга өтүшкөн.

Бириктирилген форма салык органына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине берилүүчү отчеттордун 5 түрүн алмаштырат. Эми бир отчет бир мамлекеттик органга – салык кызматына электрондук формада гана берилет.

Семинардын катышуучулары чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө маалымат алышты. Жеке ишкерлер 2021-жылдан апрелинен тартып бул ыкма боюнча иштей алышат.

Жеке ишкерлер салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы менен иштөө үчүн сөзсүз түрдө жаңы техникалык талаптарга ылайык келген ККМди колдонууга тийиш. Мындан тышкары, субъект КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.

Жаңы салык режимин колдонуунун биринчи жылында "нөлдүк" ставка, 2-жылы – 1%, 3-жылы – 2%, 4-жылдан тартып – 3% накталай формада төлөө белгиленди. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы 50 %га азайтылат.

Сатуудан алынуучу салыктын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү салыктык катоо жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий