• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бизнести колдоо: Бажы алымын жана КНСти төлөө боюнча мөөнөтү жылдырылат – Бажы кызматы

Экономика 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/.КР Мамлекеттик бажы кызматы бажы алымын жана КНСти төлөө боюнча мөөнөтүн жылдырат. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлайт.

“Салык, бажы, социалдык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелери боюнча жапа чеккен Кыргыз Республикасынын субьекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү 08.05.2020-жылы № 241 “Жеңилгис күчтүн кырдаалына байланыштуу социалдык-экономикалык абалды стабилдештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомун кабыл алган, мында Кыргыз Республикасынын аймагында «COVID-19» коронавирустук инфекциясынын таралышына каршы күрөшүү боюнча абал жеңилгис күч кырдаалы деп табылган”, - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу, ташып кирүү бажы алымын төлөө боюнча мөөнөтүн жылдыруунун тартиби жана шарттары ЕАЭБдин Бажы кодексинин ченемдери, ал эми КНСти төлөө боюнча мөөнөтүн жылдыруу “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат.

Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча мөөнөтүн узартуу же мөөнөтүн жылдыруу ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна коюлган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүнүн арызы боюнча бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилет.

1.Ташып кирүү бажы алымын төлөө боюнча мөөнөттү жылдыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени боюнча пайыздарды төлөө жана ташып кирүү бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттенмени аткарууну камсыздоо шартында 1 айдан ашпаган мөөнөткө берилет.

2.Алымдарды жана салыктарды төлөө боюнча мөөнөттү жылдыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени боюнча пайыздарды төлөбөстөн жана табигый кырсыктардын, катастрофанын натыйжасында жана жеңилгис күчтүн башка жагдайларында зыян келтирилген учурда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмени аткарууну камсыздоосун берүү шартында 6 айдан ашык эмес мөөнөткө берилиши мүмкүн.

3.Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан төлөөчүгө зыян жеңилгис күчтүн натыйжасында келтирилди деп табылса, салыктарды төлөө боюнча мөөнөттү жылдыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени боюнча салык төлөбөстөн жана салыктарды төлөө боюнча аткарууну камсыздоосун бербестен 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.02.2020-жылдагы № 79 токтому менен бекитилген бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 172-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө табигый кырсыктын, технологиялык катастрофанын натыйжасында же жеңилгис күчтүн башка жагдайларында бажы төлөмдөрүн төлөөгө мөөнөтүн жылдыруу же мөөнөтүн узартуу берүү жарандык коргоо, өрт, радиациялык коопсуздук, суу обьектилеринде адамдардын коопсуздугу, гидрометрология жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан тастыкталат.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралында № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө Жобонун 1 –пунктунун алкагында жарандык коргоо, өрт, радиациялык коопсуздук, суу обьектилеринде адамдардын коопсуздугу, гидрометрология жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий