• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Блогер Элмирбек Сыдыманов үй камагына чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Бишкек шаардык соту блогер Элмирбек Сыдымановду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштин чоо-жайы кийинчерээк маалымдалат.

Эске сала кетсек, Бишкектин Октябрь райондук ИИБси Жазык кодексинин 313-беренеси боюнча («Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, шектүү катары 1997-жылы туулган С.Э., кармалган.

Андан соң Сыдыманов тергөө изоляторуна эки айга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү иштери уланууда.

Маалым болгондой, Сыдыман деген ат менен белгилүү болгон жигит өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу Кыргызстандын айрым облустарынын жашоочуларына карата терс ой-пикирин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий