• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бодобаев: Альтернативалык кызмат өтөгөндөр тарабынан бюджетке орточо 400 млн сом түшүп турат

Коом 0


Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Альтернативалык кызмат өтөгөндөр тарабынан бюджетке орточо 400 млн сомдон ашык каражат түшүп турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Бодобаев билдирди.

Ал белгилегендей, альтернативалык кызмат эки категорияга бөлүнүп, ага 18-25 жаштагы жарандар чакырылат.

"Биринчиси, ден соолугу чың болуп, бирок үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу аскерге бара албагандар. Алар мамлекетке 18 миң сом төлөшөт. Бизде андай жарандардын саны аз десе болот. Ал жарандар күч түзүмдөрүндө иштей алышат", - деди ал.

Анын айтымында, экинчи категорияга аскерге ден соолугуна байланыштуу бара албагандар кирет жана алар мамлекетке 25 миң сом төлөшөт. Алар күч түзүмдөрүнө ишке кире алышпайт.

Альтернативалык кызматка чакырылгандар 108 сааттык коомдук иштерди аткарууга тартылат.

Ал эми жашы 25 жаштан өткөндөр (40 жашка чейин) мобилизациялык резервдин машыгуу-даярдыктарына чакырылат же ден соолугуна байланыштуу бара албагандар 25 миң сом төлөп экинчи категориядагы аскер күбөлүгүн ала алат.

"Мобилизациялык резервдин машыгуу-даярдыктарына чакырылган жарандар аскерде бир айлык кызмат өтөйт. Алар мамлекетке 50 миң сом төлөшөт. Аскер бөлүктөрүндө бир айлык машыгууларын өткөндөн кийин аскер күбөлүгүн алышат", - деди ал.

Ал белгилегендей, былтыр мобилизациялык резервдин машыгуу-даярдыктарынан болжол менен 1,5 миң жаран өтүп, мамлекеттин эсебине 80 млн сом түшкөн.

"Ал эми альтернативалык кызмат өтөгөндөр тарабынан бюджетке орточо 400 млн сомдон ашык каражат түшүп турат", - деп айтып, ал жылда альтернативалык кызматка орточо 7-8 миң жаш улан чакырыларын белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, 2-мартта Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу башталган. Анын алкагында 3 миң жаш улан аскерге чакырылат.

Ошондой эле альтернативалык кызматка 8 миң жаран чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий