• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боекторду куюштуруу учурунда идиштери жарылып, 1 адам каза болуп, дагы бирөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ленин районунда жайгашкан “Профикс-Юг” ишканасынын имаратында олиф боегун атайын идиштерине куюштуруп жаткан учурда жарылып кеткен.

ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы бир жаран каза болуп, дагы бирөө жаракат алган.

“Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин имараттан алып чыгып, РИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан №1 шаардык ооруканасына жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий