• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боюнда бар аялды кабыл албай коюу фактысы: Бир нече медицина мекемесинин жетекчилерине дисциплинардык жаза колдонулат

Коом 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Боюнда бар аялды кабыл албай коюу фактысы боюнча бир нече медицина мекемесинин жетекчилерине дисциплинардык жаза колдонулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмасы менен Бишкек шаарындагы төрөткө жардам берүүчү мекемелердин боюнда бар аялды жаткыруудан баш тартуусу тууралуу арыз боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Фактылар жарым-жартылай тастыкталды. Ага байланыштуу Бишкек шаарынын перинаталдык борборунун, №1 шаардык төрөт үйүнүн, Шаардык гинекологиялык ооруканасынын, №13 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине карата дисциплинардык жаза чарасы колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин боюнда бар аялды шаардагы төрөт үйлөрүнө кабыл албай койгон учур тууралуу айтылган. Ал аял төрөт үйүнө жаткырылгандан кийин төрөттө баласы чарчап калган.

Пикир

Оставить комментарий