• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боюнда бар кезде болбой турган 10 нерсе жана ымыркайлардын оорулуу төрөлүүсүнүн алдын алуу

Дүр дүйнө 0

Азыркы учурда таза кандуу тукумдарды өстүрүү үчүн төмөнкү 10 түрдүү кеңешти эске ала турган болсок, баланын туубаса майып төрөлүшүнөн сактанууга болот.

- Жакын туугандар менен куда түшүүдөн сактануу. Мында үч урпактын ичиндеги жакын туугандардын үйлөнүүсүнө тыюу салуу керек.

- Үйлөнөрдүн алдында ар бир адам доктурга текшерилүүсү зарыл. Мында кандары бузук адамдар, шал оорусу менен ооругандар, мунжу болгон адамдар докдурдун текшерүүсүнөн кийин гана аныкталынат. Мындай оорулар адамдын организминде болгон болсо, анда ал адамдын бир-бири менен баш кошуусун токтотуу керек. Себеби, мындай оорусу бар адамдардын кийинки муундарында да болушу ыктымал. Адатта аялдарда 25 жаштын айланасында боюна бүтсө жакшы болот. Боюнда барлар өтө жаш же өтө арылап кетсе андан төрөлгөн балдардан дагы тубаса майып абалдагы оорулар байкалат.

- Боюнда бар аял тамекиден жана арактан оолак болушу зарыл. Тамекиде көмүр кычкылы жана арактагы спирт эненин денесине тарагандан кийин түйүлдүктүн нормалдуу жетилүүсүнө тоскоолдук туулат. Мөөнөтүнөн мурда төрөп коюу, боюнан түшүү, башы көзү майып абалда болуп калуу, шал туулуп калуу сыяктуу жаман окуялар пайда болот.

- Боюнда бар аял боюна бүткөн алгачкы үч айында аспирин, тетрациклин, стрептацилин, тынчтандыруучу дарылар, ошондой эле Д, К, В, витаминдер кабыл алса майып балдар төрөлөт.

- Боюнда бар кезинде жыныстык катнаштан алыс болуу керек, эгерде болуп калган учурда ар түрдүү микроб жана вирустар эненин денесине барып түйүлдүккө жугат. Ал анын дем алуусуна тоскоолдук кылат же сарык оорусу пайда болот. Бул учурда түйүлдүктүн майып болуп калышы да мүмкүн.

- Ашыкча толкунданбоо жана кайгырбоо зарыл. Боюнда бар кездеги өтө эле толкундануу жана кайгыруу ички бузулууну пайда кылат. Мисалы, бөйрөктүн үстүңкү нерв жипчелери өзгөчө көп иштеши түйүлдүктүн борбордук нерв системасын үзгүлтүксүз иштөөсүнө залалы тийип чабалактатып кереңдик оорусун пайда кылат.

- Боюнда бар кезде бир эле түрдөгү тамакты жей бербөө зарыл. Түйүлдүктүн өсүп жетилүү мезгилинде көп түрдөгү азыктарды талап кылат. Ошондуктан белогу көп болгон азыктарды: жашылча, коон, дарбыз, жер-жемиштерди көбүрөөк жеш керек. Денедеги витамин, минерал целлюлозалардын жеткиликтүү болушуна көңүл бөлүү зарыл. Алар үйүлдүктүн баш мээсиндеги клеткалардын жакшы жетилбестигинен кийин бала макоо болуп жана мөөнөтүнөн мурда төрөлүп калуусунан алдын ала сактайт.

- Боюнда бар кезде оор жумуштарды жасабоо сунушталат. Бул учурда кир жууш, үй-тиричилик иштерин жасоо жана да пайдалуу жеңил кыймылдар менен айланышып жүрүү зарыл. Адаттан тышкары бел көп кийиле турган оор жумуштарды кылбоо керек. Ата болуучу адам балалуу болгусу келсе аялынын кош бойлуу кезинде тамеки тарткандан, аракты ичкенден четтетилиши керек. Себеби, тамеки тарткандан жана арак ичкенден , адамдын спермасы начарлайт, түйүлдүк жетишилген, начар абалда болуп калышы мүмкүн. Аялы боюнда бар кезде бөлмөдө көп тамеки тартса анын түтүнү түйүлдүккө зыянын тийгизет.

- Боюнда бар аялдар сууга жуунса же бууга отурса денедеги ысыктык өлчөмү күчөп курсактагы бала майып болуп калуу коркунучу бар.

- Боюнда бүтүүнүн алгачкы мезгилинде 10 жана 14-жумаларда курсактагы баланын борбордук нерв системасы өрчүйт. Мындай абалда өтө жогорку ысыктыкка кабылганда өрчүү убактысында туура өсүп бара жаткан клеткалар өлүмгө учурайт. Жабыр тартуунун себебинен баланын нерв системасы толугу менен өсө албайт да, бала мандемдүү болуп төрөлүп калат. Ошондуктан боюнча бар аялдар алгачкы кездерде дененин ысыктыгын жогорулатуу абалынан сактанышы тийиш.

Пикир

Оставить комментарий