• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бокс беттешинде мушкер нокаут менен утулуп, кийин комага түшүп калган

Спорт 0


Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Америкалык бокс чебери Патрик Дэй беттеште нокаут менен утулуп, кийин комага түшүп калган. Бул тууралуу Fightnews басылмасы жазат.

Күн мурун Дэй америкалык Чарльз Конвелли менен беттешип, онунчу бөлүктө нокаут менен жеңилген.

Оор нокауттан кийин Дэйди рингден дарыгерлер замбилде көтөрүп кетишкен. Андан кийин дароо ооруканага жеткирилген.

Fightnews басылмасынын маалыматында, ооруканага бара жатканда америкалык мушкердин талмасы кармап калган. Көп өтпөй комага түшкөн. Дарыгерлер анын абалы оор деп мүнөздөөдө жана анын өмүрү менен күрөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий