• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бокс боюнча Азия чемпионаты: Бүгүн үч кыргызстандык спортчу беттешет

Спорт 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Жаштар арасында бокс боюнча өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн, 20-январда үч кыргызстандык спортчу беттешет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Тайланддын Бангкок шаарында 18-январда башталган.

54 кг салмак категориясында Ислам Төрөбаев, 57 кг салмакта Тургунбек Иманкадыров жана 60 кг салмак даражасында Мирзахит Имамназаров Тайланддын мушкерлерине каршы беттешет.

Кыргызстандык спортчулар Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө чыгышат.

Белгилей кетсек, буга чейин 48 кг салмакта чыккан Анвар Ходжиев жеңишке жетишкен жок. Чемпионат 26-январда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий