• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бокс боюнча жаш спортчулар Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 31-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бокс боюнча жаш спортчулар 1-7-августта өтө турган Филиппиндеги Азия чемпионатына катышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, спортчуларды жөнөтүүгө 1 миллион 231 миң сом которгон.

Кыргызстандын спортчуларынын тизмеси:

Айдар Орозкулов 2001 (57кг чейин);

Нурадин Рустамбек уулу 2001 (60 кг чейин);

Умар Кубанычбек уулу 2001 ( 63 кг чейин);

Байбек Анарбек уулу 2001 (70 кг чейин);

Керимбай Эркинов 2001 (75 кг чейин);

Ахмад Усупов 2001 (80 кг чейин);

Кенжебек Акельбаев – машыктыруучу;

Уланбек Толонбай уулу - машыктыруучу;

Назира Рахатова судья.

Эскерте кетсек, 10-28-июлга чейин бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Бишкекте даярдыктан өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий