• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боксчу Азат Усеналиев Азия оюндарында коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Боксчу Азат Усеналиев 52 кг салмактык категорияга чейин Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында коло байге утту.

Усеналиев финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Өзбекстандык спортчу Жасурбек Лапитовдон 1:4 эсебинде утулуп калган.

Таиланддан келген өкүл Юуттапонг Тонгди (Yuttapong Tongdee) да коло медаль уткан.

Жасурбек Латипов биринчи орун үчүн болгон беттеште филиппиндик боксчу Роген Ладон (Rogen Ladon) менен кармашат.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 20 медаль бар: 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло.

Пикир

Оставить комментарий