• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Болгариядагы мелдеш: Кыргызстан жалпы командалык көрсөткүчтө үчүнчү орунга илинди

Спорт 0

Бишкек, 21.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы грек-рим күрөшү боюнча Болгариядагы Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешке катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиршти.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өттү.

Кыргызстан жалпы командалык көрсөткүчтө үчүнчү орунга илинди:

1. Грузия 148 упай;

2. Болгария 112 упай;

3. Кыргызстан 110 упай;

4. Венгрия 101 упай;

5. Сербия 84 упай;

6. Иран 80 упай;

7. Индия 67 упай;

8. Румыния 55 упай;

9. Беларусь 52 упай;

10. Алжир 43 упай;

11. Швейцария 22 упай;

12. АКШ 19 упай;

13. Дания 8 упай;

14. Бразилия 6 упай;

15. Португалия 6 упай;

16. Нидерланды 2 упай.

Эскерте кетсек, Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Тынар Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Элдияр Сатаров жана Марлен Асикеев коло байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий