• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Болгариядагы мелдеш: Жоламан Шаршенбеков коло байгеге татыды

Спорт 0

Бишкек, 20.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинде коло медаль жеңди.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Шаршенбеков 60 кг салмакта турнирдин үчүнчү орунуна болгон кармашта болгариялык Назарянды 8:0 эсебинде утту.

Ошондой эле 67 кг салмакта кыргызстандык балбан Марлен Асикеев дагы коло байгени багындырды.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 20-февралда Акжол Махмудов коло байге үчүн күчүн сынайт.

Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков менен Үзүр Жусупбеков коло байгеге татыган.

Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий