• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Болливуд кино индустриясы Кыргызстанда кино тартууга кызыкдар – Индиянын элчиси

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облус аймагында туризмди өнүктүрүү, бал, курут жана башка азыктарды экспорттоо, фармацевтика багытында дары-чөптөрдү терип-өстүрүү жана башка экономикалык маселелер талкууланды.

Өз кезегинде Индиянын элчиси Болливуд кино индустриясы Кыргызстанда кино тартууга кызыкдар экендигин белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий