• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Bollywood Кыргызстанда актерлорду издейт

Маданият 0

Бишкек, 08.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте индия тасмасын тартуу үчүн кастинг өтөт. Бул тууралуу Kyrgyzcasting.com расмий сайты маалымдайт.

Маалыматка ылайык, актерлерду тандоо 9-10-ноябрь күндөрү өтөт. Тасма Кыргызстанда тартылат.

“Кастинге катышуу үчүн бизге жаш афган, өзбек, уйгур жана тажик улутундагы жаш жеткинчектер, балдар жана эркектер талап кылынат. Ошондой эле тасма үчүн АКШ аскерлеринин ролуна славян жана европа келбеттүү эркектер керек”,-деп билдиришти уюштуруучулар.

Кастингге катышууну каалагандар +996 552 506 507 номерине WhatsApp тиркемеси аркылуу сүрөт жөнөтүү керек. Ылайыктуу талапкерлерге так убактысы жана дареги жеке маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий