• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.12.19./Кабар/. Бишкекте «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Маркум менен коштошуу үчүн анын туугандары, жакындары, достору, санаалаштары жана шаар тургундары келишти.

Эске салсак, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Шамшиев катуу оорудан кийин 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты.

Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева — белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктар: Кыргыз ССРнын Ленин комсомол сыйлыгы (1969); Кыргыз ССРнын эл артисти (1975); СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977); СССРдин эл артисти (1991); III даражадагы «Манас» Ордени (1997); II даражадагы «Манас» Ордени (2006) менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий