• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган кинокербен башталат

Маданият 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган кинокербен башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, кинокербен 1-апрелден тартып республиканын бардык облус борборлорунда жана Бишкек шаарында Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө өз ишин баштайт.

Иш-чара Шамшиев тарткан тасмаларды жана кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кыргыз режиссерлорунун тасмаларын көрсөтүү менен башталат.

Кинокербен ноябрь айында Бишкек шаарында жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий