• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Болот Шамшиевдин унаасын өрттөөгө шектелип 2 адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө шектелип эки адам кармалды.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кылмышка шектелип 24 жаштагы Ш.К. жана 25 жаштагы Л.Ю. аттуу жарандар кармалган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 8нен 9-ноябрга караган түнү режиссердун үйүнүн короосунда токтоп турган “Мерседес Бенц Е230” үлгүсүндөгү унаасы уурдалган. Унаа эртеси күнү Ысык-Ата районунун Милянфан айылында өрттөлгөн абалда табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалгандар Бишкек ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий