• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Болот Шердин 2010-жылдагы мародерлукту “мен токтотком” деп айтканы туура эмес

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Болот Шердин 2010-жылдагы мародерлукту “мен токтотком” деп айтканы акыйкатсыз. Кандайча ал токтоткон? Ал жалгыз токтотконбу? Кечээ радиодон өзүн мактап жатканын угуу жагымсыз болду. Ал ошондо ички иштер министри болгон. Мындай иштерди өзүнө ыйгаруусу туура эмес жана акыйкатсыздык.

Азыр алар өздөрүн актап, баатыр атка конууну каалап жатышат. Бирок, мародерлук башталганда, адамдар кеңселерге жана соода түйүндөрүн өздөрү коргошкондугун баары билишет. Мен өзүм да ал жакта чуркап жүрдүм. Бизге ыктыярчылар жана карапайым адамдар жардам беришти. Милиция анда алсыз иштеп жатты, муну баары билишет. Ал эми “Ата Мекендин” башындагылар 7синен 8-апрелге караган түнү эмне менен алек болушканын жалпы эл, бүт Кыргызстан жакшы билет.

Ал гана эмес, Маевкага ИИМ эмес, Алмаз Шаршенович кошумча күч жиберген. Биз милицияга жүздөн ашык мародерлорду кармаганга көмөктөшүп жатканда, ал жакта эмне болгонун мен көргөм. Ал эми министр Болот Шер жана Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси, комендант Мадылбеков бардык кармалгандарды эртең менен бошотуп коюшкан. Бул балдардын кийимдери, бут кийимдери да кан болчу, аларды кое берип жиберишти. Биз ошондо баарыбыз нааразы болгонбуз.

Болот Шерге эскертип кетким келет, Маевкадагы окуяны, анда адамдар эмне кылышканы, мародерлукту ким токтоткону, адамдарды ким коргогону баарынын эсинде, мен да унуткан жокмун. Болбосо, азыр алар баатыр болгулары келип жатат, бул туура эмес.

Булак: АКИпресс, автор Мухтар Айнакулов

Пикир

Оставить комментарий