• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин алгачкы сыйлыгына татыды

Коом 0


Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. “FactCheck.kg” cайтынын башкы редактору Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-февралда Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик департаменти "Facheck.kg" сайтынын баш редактору Болот Темировду бүткүл дүйнө жүзү боюнча ачыктык жана отчеттуулук үчүн күрөшүп келген 12 адам менен катар Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыктын ээси деп жарыялады.

Элчи Дональд Лу АКШнын Бишкектеги элчилигинде Темировго сыйлык тапшырып жатып, “Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция – бул бир медалдын эки тарабы жана Болот Темировдун иши экөөнүн тең бетин ачып турат. Кыргыз эли Болот сыяктуу эр жүрөк журналисттер укук коргоо органдарынын Райымбек Матраимов жана Камчыбек Көлбаев сыяктуу адамдарды кылмыштары үчүн жоопко тартуу максатында жүргүзгөн иш-аракеттерин колдойт деген ишенимге ээ болушу керек”, - деп белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий