• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Болот Темировдун кесиптеши редакциядан баңгизатын алып чыгып жаткан — УКМК башчысы

Коом 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Болот Темировдун кесиптеши - Болот Назаров Temirov Live`дын редакциясынан баңгизатын алып чыгып бара жаткан. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда Назаровдун бульбулятор аркылуу баңгизатын колдонгону тууралуу видео тараган.

УКМКнын жетекчиси белгилегендей, Temirov Live`дын кеңсесин тинтүү редакцияда баңгизаты сатылууда деп кайрылган адамдардын арызынын негизинде жүргүзүлгөн.

"Болот Темиров менен Болот Назаровдун баңгизатын колдонгону текшерилген. Болот Темировдун канынан баңгизаты табылган эмес, бирок Назаровдун канынан табылган. Буга чейин укук коргоо органдарына Temirov Live`дын редакциясында баңгизаты таратылып жатат деген арыздар түшкөн. Кармоого УКМКнын эч кандай тиешеси жок, тергөө милицияда. Мен Ички иштер министрлигинен шектүүлөрдүн укугун бузбай, иликтөө жүргүзүүнү сурандым. Бул баңгизатына байланыштуу гана кылмыш”, - деди ал.

Эске салсак, кечээ кечинде Бишкектеги Темиров Live`дын кеңсесинде милиция кызматкерлери атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда тинтүү жүргүзүшкөн. Андан соң журналист, Temirov Live`дын негиздөөчүсү Болот Темиров кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген. Анын эмне себептен кармалганы расмий айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий