• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Болот Тентимишов Россиядагы эң ири кинофестивалда "Мыкты эркектин ролу" наамын жеңип алды

Маданият 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Актер Болот Тентимишов Россияда эң ири кинофестивалда "Мыкты эркектин ролу" наамын жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-декабрда маданият министри Азамат Жаманкулов КР эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишовго Анапада өткөн "Киношок" - КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ачык орус кинофестивалында мыкты эркектин ролу номинациясынан жеңип алгандыгы үчүн фестивалдын статуэткасын жана дипломун тапшырды. Бул наам Болот Тентимишовго Эмиль Атагелдиевдин “Көл” (Озеро) толук метарждуу тасмасында мыкты эркектин образын ачып бергени үчүн ыйгарылган.

Болот Тентимишов Ленинграддагы Н. Черкасов атындагы Театр, музыка жана кинематография институтун (Дмитрий Астрахан жана Ольга Волкова жетектеген группада) аяктаган. Учурда Ч. Айтматов атындагы КРнын Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенет.

Министр Азамат Жаманкулов Болот Тентимишовго сыйлыкты тапшырган соң, келчектеги пландар менен ой бөлүшүп, атамекендик кино тармагын жаңы бийиктиктерге көтөрүү үчүн бирглекте иш алып баруу, Кыргызстанда тартылган кинолорду чет элдик ири кинофестивалдарга алып чыгуу жана мамлекеттик буюртманын негизинде кино тартуу сындуу бир катар маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, министр Азамат Жаманкулов талкуунун жүрүшүндө чыгармачылык менен байланышкан бардык тармактар, анын ичинде кино индустриясы калкка руханий жактан азык берүүгө өбөлгө түзө тургандыгын айтып, кино өндүрүү боюнча жаңы долбоорлорду күтө тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, маданият жаатында, анын ичинде кино тармагын өркүндөтүү боюнча бир катар стратегиялык документтер даярдалып жаткандыгын кошумчалады. Жолугушууга “Көл” тасмасынын продюссери Эрке Джумакматова да катышты.

Белгилей кетсек, "Киношок" фестивалы 1992-жылдан бери Анапада жыл сайын өтүп келет жана Россиядагы эң ири кинофестивалдардын бири. Фестивал быйыл юбилейлик 30 жылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий