• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бообек Ажикеев: Ар бир өрт өчүрүүчү атайын кийим менен камсыз болот

Коом 0

Бишкек, 26.07.21./Кабар/. Бүгүн КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси М.Сваров акыркы болуп өткөн окуялар тууралуу маалымат берди.

КР ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев ар бир кырдаалда коомчулукка ыкчам маалымат жеткирип туруу үчүн жетекчилерди оор кырдаал болуп жаткан жерге барып, аралыктан эмес өз көзү менен көрүп, маселени анализдөөнү тапшырды.

Мындан сырткары, министр өрт өчүрүүчүлөдүн жабдыктарына токтолуп, ар бир өт өчүрүүчү кызматкер керектүү кийим менен камсыздалышын жана эскилиги жеткен каскаларды алмаштырууга сарпталуучу каражатты эсептөөнү тиешелүү башкармалыктарга буйруду.

Пикир

Оставить комментарий