• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бообек Ажикеев РФ ӨКМ башчысынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кесиптеши - Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ажикеевдин көңүл айтуусунда мындай деп айтылат:

“Россия Федерациясынын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Николаевич Зиничевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Капилет кырсыкта каза тапкан кесиптешимдин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм.

Евгений Николаевич мекен алдында берген антына бекем туруп, кооптуу кырдаалда адам өмүрүн сактап калууга аракет кылып, тилекке каршы өз өмүрү менен коштошту. Анын өрнөктүү өмүр жолу куткаруучулар үчүн үлгү. Ал баарыбыздын эсибизде мыкты адам жана өз ишинин чыныгы чебери катары түбөлүккө сакталат”.

Пикир

Оставить комментарий