• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боом капчыгайында 25-октябрга чейин таш кулатуу иштери жүрѳт

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Боом капчыгайында таш кулатуу иштери уланууда, - деп кабарлашты "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, 21-октябрдан 25-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

25-октябрга чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

"Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий