• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боом капчыгайында атайлап таш түштүрүү иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Боом капчыгайында атайлап таш түштүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Коопсуздукту сактоо максатында атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда унаалардын бардык түрүнө саат 09:00дөн 15:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилип турат.

Пикир

Оставить комментарий