• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боом капчыгайында көмүр жүктөлгөн КамАз оодарылып калды

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 127-чакырымында көмүр ташып келе жаткан КамАз оодарылып кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6-февралда болжол менен саат 04:00дөр чамасында Кыз-Күйөө айылында катталган. Айдоочу Бишкекти көздөй келе жатып, рулду башкара албай КамАз оодарылып кетип, көмүр жолго чачылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинин эч ким жабыркаган эмес. Учурда кырсык болгон жерде автоиснпекторлор иштеп жатышат, азырынча оор жүк ташуучу унаа жолдон алына элек.

Пикир

Оставить комментарий