• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боом капчыгайында таш кулап, автоунаа жабыркады – видео

Кырсык 0


Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунун 142-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулады, - деп билдирет "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кулаган таш жолдун бир тарабын жаап калган, жерине автоинспекторлор барып, жол кыймылын жөнгө салышкан.

"Жол тыгыны пайда болгон жок. Трасса жарым сааттан кийин тазаланган", - деп айтылат маалыматта.

Кулаган таштар Toyota Wish автоунаасына тийгендиги айтылды, жүргүнчүлөрдөн эч ким жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий