• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Боом капчыгайындагы жолго түшкөн таштар тазаланды

Коом 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Боом капчыгайындагы жолго түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Боом капчыгайы) тоо боорунан жолго чоң таштар түшүп, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, түшкөн таштарды тазалап, жол боюна чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий