• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 14нөн 18-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат.

“Андыктан, 2018-жылдын 14-майдан тартып, 18-майга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин патрулдук милиция кызматы тарабынан саат: 9-00дөн 15-00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. 30-40 унаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий