• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 4нөн 8-июнга чейин чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат.

“Андыктан, 2018-жылдын 4-июндан тартып, 8-июнга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин патрулдук милиция кызматы тарабынан саат: 9-00дөн 15-00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. 30-40 унаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий