• 79.5
  • 84.64
  • 1.3

Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштери уланууда, - деп билдирет "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

1-ноябрга чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

"Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат", - деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий