• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 17нен 28-сентябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун Боом капчыгайындагы 117-118-чакырымында (эски жол) таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Таштарды кулатуу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 17-сентябрынан тартып, 28-сентябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00дөн 15-00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автоунаа жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий