• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрөт: Жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-132-чакырымында 27-31-май күндөрү жүргүзүлөт. Ошону менен бул жумада Боом капчыгайындагы таштарды кулатуу иштери толугу менен аягына чыгат.

Мындан улам, Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 27-31-май күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат.

Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзгү маал гана жүргүзүлөт.

"Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөбүз", - деп билдирет ишкананын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий