• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишканадан билдиришкендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 139-чакырымында 13-17-май күндөрү жүргүзүлөт.

"Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 13-17-май күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат ", - деп айтылат маалыматта.

Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий