• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боомдо таштарды кулатуу иштери жүргүзүлүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-132-чакырымдарында 22-26-апрель күндөрү жүргүзүлөт.

"Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 22-26-апрель күндөрү саат 09:00 - 15:00 чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат ", - деп айтылат маалыматта .

Белгилей кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзгү маал гана жүргүзүлөт.

"Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөбүз", - деп билдирет ишкананын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий