• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боом капчыгайында жол Бишкекке карай бир тараптуу ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалымат боюнча, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында эки тилкеден сел суулары түшүп, жол убактылуу жабылган.

Учурда облустарды бириктирген жол бир тараптуу ачылды.

Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында ӨКМдин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий