• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боом капчыгайында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. 24-июлдун түнүндө Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, үч адам жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жабыркагандардын бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Эки жаран Балыкчыдагы ооруканага жеткирилген.

Медицина кызматкерлеринин билдиришинче, ооруканага жаткандарынын биринин баш мээси чайкалып, денесинин айрым жерлери сынып кеткен. Ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, анын абалы оор экени айтылууда.

Экинчи жабырлануучу травматология бөлүмүнө жаткырылып, абалы орто экени маалымдалды. Эки жабырлануучу тең 1994-жылы туулган.

2017-жылдын башынан бери өлкөдө 2 миң 582 жол кырсыгы катталган. Ал өткөн жылга салыштырмалуу 4,2% көп. Жол кырсыгынан каза болгондордун саны 307 адамды түзүп, ар кандай жаракат алгандар 3835 жаранга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий