• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боом капчыгайындагы жол 12-апрелге чейин күнүнө 6 сааттан жабылат

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен 5нен 12-апрелге чейин жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 132-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

12-апрелге чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

"Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат", - деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий