• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боом капчыгайындагы жол 18-октябрга чейин күнүнө 6 сааттан жабылат

Коом 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен 14нөн 18-октябрга чейин жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

18-октябрга чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

"Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат", - деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий