• 80.18
  • 78.86
  • 1.37

Боомдо баткакка батып, жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды

4895 кароо Коом 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылган учурда баткакта унаа кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында Боом капчыгайында сел жүрүп кеткен.

"Натыйжада жол эки тарапка тең тосулган. Окуяга күбө болгондор тизесине чейин ылайга баткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин видеосун бөлүшкөн.

Бүгүн, 9-август күнү Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан милициянын прапорщиги Бейшенбаев Жалилдин Үметбековичке ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөр айтылып, кол саат тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий